banner

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ОКУУ ЭКСКУРСИЯ

Новости 15:45 15.04.2024

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ОКУУ ЭКСКУРСИЯ

   2024-жылдын 12-апрелинде БИ-1,2-22, БУ-1,2-22, ЭБ-1-22, ГФК-1-22, БД-1-22 тайпаларынын студенттери “Кыргызстан тарыхы” сабагынын алкагында, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган окуу экскурсиясына Улуттук тарых музейине “Философия жана коомдук илимдер” кафедрасынын доценти, т.и.к. Асантурова Таалайкүл Асантуровнанын башчылыгында барышты.        

             Экскурсовод музейдин экинчи кабатында жайгашкан таш доору, коло доорунун экспонаттары, түрк тилдүү мамлекеттердин көчмөн маданияты, Кыргыз улуу державасынын доору, түрк жана монгол дооруна таандык экспонаттар менен студенттерди тааныштырды. Текчелерде тыкан тизилген таш скульптураларды, карапа идиштерди, казандарды, көмүлгөн буюмдарды, канжарларды, найзалардын учтарын жана ошол кылымдарга таандык башка археологиялык табылгаларды көрсөткөн.

             Үчүнчү кабат XV-XVIII к., Кокон хандыгына жана ошол кездеги кыргыздардын тышкы байланыштарына арналган. Экспонаттар элдин дыйканчылыктагы өзгөчөлүгүн, материалдык баалуулуктарын чагылдырат. Ошондой эле студенттер тарыхый инсандардын сүрөттөрүн жана иллюстрацияларын көрүштү. Жасалган чоң боз үй көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

             Төртүнчү кабатта студенттер совет дооруна чейинки, постсоветтик жана советтик доорлор менен таанышты. Бул кабаттагы экспонаттар жазуу түрүндөгү өзгөрүүлөрдү, улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жаралышын, 30-жылдардагы саясий репрессияларды, Улуу Ата Мекендик согушту, мамлекеттүүлүктүн түзүлүшүн, союздун ыдырашын жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү менен таанышышты.

             Окуу экскурсиясынын жүрүшүндө студенттер археологиялык казуулар, Енисей кыргыздары, кыргыз элинин этногенези, кыргыздарга жасалган репрессиялар боюнча суроолорду беришти.

             Экскурсия М. Рыскулбеков атындагы КЭУ студенттеринин жүрөгүндө жана эсинде өчпөс таасир калтырды.  

 

Т.и.к., доцент Асантурова Т.А.

КЭУ социалдык тармакта. Сүрөттөр үчүн