
Новости 17:40 27.03.2024
КРнын Юстиция Министрлигине Окуу экскурсиясы
2024-жылдын 27-март айында «Мамлекет жана укук теория» дисциплинасы боюнча: «Мамлекеттин механизми» жана «Кыргыз Республикасынын конституциялык укугу» дисциплинасы боюнча: «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин конституциялык-укуктук абалы» ЮР-1-23, ЮР-1 -22 тайпаларынын студенттери юридика илимдеринин кандидаты, “Бизнес жана укук” кафедрасынын доценти Тайлакова Салия Жеңишбековнанын жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине окуу экскурсиясына барышты.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердүүлүгү боюнча окуу экскурсиясын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн инженери Нурланова Бегимжан Нурлановна өткөрдү.
Биринчиден, Бегимжан Нурлановна белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген иш чөйрөсүндө мамлекеттик ишмердүүлүктү ченемдик укуктук камсыздоону ишке ашырат; өз ыйгарым укуктарынын чегинде адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылат; аткаруу бийлик органдарынын мыйзам чыгаруу ишин координациялайт; ыйгарым укуктарынын чегинде каттоо тартибин камсыз кылат.
Экинчиден, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппараттан, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдөн турган түзүмүн көрсөттү.
Студенттер Борбордук аппаратта, Адвокатура, нотариат жана апостиль коюу, Укуктук маалымат башкармалыгы, Юридикалык жактарды каттоо, Күрөөлөрдү каттоо, Кадрларды башкаруу бөлүмдөрүндө болушту.
Окуу экскурсиясынын жүрүшүндө студенттер тарабынан ченемдик укуктук актыларды каттоо, юстиция органдарында стажировкадан жана практикадан өтүү, адвокаттык лицензия алуу, юридикалык жакты каттоо, документтерге апостиль коюу боюнча суроолор беришти.
Окуу экскурсия максатына ишке ашып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюу түрүндө мындан аркы жемиштүү кызматташуу үчүн аянтча түзүлдү.
Ю.и.к., доцент С.Дж. Тайлакова
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025

Во главе угла - экономика!
14:00 04.06.2025