banner

Билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча VI Борбордук-Азиялык Эл аралык Форум

Новости 13:00 14.10.2022

Билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча VI Борбордук-Азиялык Эл аралык Форум

2022-жылдын 7,8-октябрында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин базасында билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча “Ааламдашкан билим берүү мейкиндигиндеги трансулуттук өз ара аракеттенүү” аттуу НААР/IAAR VI Борбордук-Азиялык Эл аралык Форуму болуп өттү.       Форумдун ишине мамлекеттик органдардын, жогорку билим берүүнүн сапатын камсыздоочу эл аралык тарамдардагы ЖОЖдордун, чет өлкөлүк аккредитациялык органдардын мүчөлөрү жана Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Нидерланды, Индия, Латвия, Азербайжан, Болгария, Молдова, Армения, Грузия, Тажикистан өлкөлөрүнүн жумуш берүүчүлөрү катышты. Биздин университеттин атынан “М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун билим берүүсүнүн сапатын өркүндөтүүдөгү студенттердин ролу” темасындагы баяндамасы менен М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы Сурамбаева Астра Таштанбековна жана М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун сапат жана аккредитация бөлүмүнүн адиси Рыспекова Нурзада Алмазовна катышып келишти.

          Форумдун алкагында төмөнкү негизги маселелер талкууланды:

  1. Билим берүүнүн өнүгүшүнө ааламдашкан реалдуулуктун таасир этиши
  2. Университеттин архитектурасы: жаңы моделдер жана мүмкүндүктөр
  3. Санариптик трансформациянын доорундагы медициналык билим берүүнүн сапаты
  4. Студентке багытталган мамиле: башкаруу жана маданият
  5. Рейтинг – академиялык лидерликке карай жол

           Жыл сайын өткөрүлүүчү НААР/IAAR Форуму билим берүүнүн сапатын камсыздоо системасын өнүктүрүүгө болгон актуалдык мамилени талкуулоого, эл аралык уюмдар жана агенттиктер менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, сапаттын маданиятын өркүндөтүүгө жана академиялык коомдоштук менен эмгек рыногунун конструктивдик өз ара аракеттенүүсүнө багытталган.

     2022-жылдын 8-октябрында чет өлкөлүк коноктор үчүн маданий программа уюштурулду.

VI Центрально-Азиатский Международный Форум по обеспечению

качества образования

7 - 8 октября 2022 года в г. Алматы (Республика Казахстан) на базе Казахского национального университета имени Аль-Фараби состоялся VI Центрально-Азиатский Международный Форум НААР/IAAR по обеспечению качества образования: «Транснациональное взаимодействие в глобальном образовательном пространстве», в  котором приняли участие начальник учебно-методического отдела КЭУ им. М. Рыскулбекова, к.э.н., доцент Сурамбаева Астра Таштанбековна и специалист отдела качества и аккредитации КЭУ им. М. Рыскулбекова  Рыспекова Нурзада Алмазовна.      

В работе Форума приняли участие представители государственных органов, ВУЗов международных сетей обеспечения качества высшего образования, зарубежных аккредитационных органов и работодателей Казахстана, Кыргызстана, Узбекистана, Турции, Нидерландов, Индии, Латвии, Азербайджана, Болгарии, Молдовы, Армении, Грузии, Таджикистана и др. Сурамбаева Астра Таштанбековна выступила с докладом на тему: «Роль студентов в совершенствовании качества образования в КЭУ имени М. Рыскулбекова»

В рамках Форума были обсуждены следующие ключевые вопросы:

  1. Влияние глобальной реальности на развитие образования
  2. Архитектура университета: новые модели и возможности
  3. Качество медицинского образования в эпоху цифровой трансформации
  4. Студентоцентрированный подход: управление и культура
  5. Рейтинг - путь к академическому лидерству

Ежегодно проводимый Форум НААР/IAAR направлен на обсуждение актуальных подходов развития системы обеспечения качества образования, расширение сотрудничества с международными организациями и агентствами, совершенствование культуры качества и конструктивное взаимодействие академического сообщества и рынка труда.

8 октября 2022 года  была организована культурная программа для зарубежных гостей