banner

КЭУнун Экономика жана сервис колледжинин студенттери КР Эсептөө палатасында экскурсияда

Новости 16:45 07.12.2023

КЭУнун Экономика жана сервис колледжинин студенттери КР Эсептөө палатасында экскурсияда

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Илимий-Изилдөө Университетинин(КЭУ ИИУ) Экономика жана сервис колледжинин «Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактары боюнча)» адистигинин 3 курстун студенттери жана «Бухгалтердик эсеп» ОУКнун окутуучулары  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгү менен таанышып маалыматтык экскурсия катышты. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынында экскурсия келечектеги жаш кадрларды калыптандыруу жана тарбиялоо максатында өткөрүлдү.

           КР Эсептөө палатасынын аудитордук ишти пландоо, отчеттуулук, маалымат жана санариптик өнүктүрүү боюнча башкармалыктын начальниги Руслан Абдыкалыков Эсептөө палатасынын статусу, ролу, милдеттери, төрага жана аудиторлордун ыйгарым укуктары, жана аларды шайлоонун тартиби жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Эсептөө палатасынын иш багыттарына, принциптерине жана аудиттик иш - чараларды пландоо, аудиттин түрлөрү жана аларды жүргүзүү эрежелери тууралуу кененирээк токтолду.

          Андан тышкары каржылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттардын аудитке тыгыз байланышын студенттер өз көзу менен күбө болушту жана ошондой эле студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берип, иш-чаранын жүрүшүндө көбүн эсе коррупцияга каршы күрөшүү, табылган бузуулардын түрлөрү, Эсептөө палатасынын мамлекеттик башка органдар менен анын ичинде укук коргоо органдары, эл аралык уюмдар менен кызматташуу темаларын камтыды.

Экономика жана сервис колледжи

Сүрөттөр үчүн шилтеме