banner

КЭУ ИИУнун окутуусу Бийназарова Н.С Самаркандда өткөн конференцияга катышты

Новости 14:10 18.10.2024

КЭУ ИИУнун окутуусу Бийназарова Н.С Самаркандда өткөн конференцияга катышты

      2024-жылдын 10-11-октябрында Өзбекстандын Самарканд мамлекеттик чет тилдер институту тарабынан уюштурулган “Маданияттар аралык диалогдун өнүгүү тарыхы жана азыркы мааниси” деген темада конференция болуп өттү. Конференция маданияттар эл аралык мамилелерди талкуулоого, Борбор Азия өлкөлөрүн жакындатууга, ошондой эле билим берүү мейкиндигиндеги мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.  

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Н.С. Бийназарова: «МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНЦИЯСЫНЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК КОМПОНЕНТИ» баяндамасында кесиби менен жеке алектенген, кеңири көз карашы бар, көптөгөн салттуу эмес технологияларды өздөштүргөн, билим берүү процессинин гуманитардык артыкчылыгын алып жүргөн мугалимдин ишмердүүлүгүнүн зарылдыгы каралган. Тажрыйба алмашуунун жүрүшүндө мугалим Н.С. Бийназарова Самарканд мамлекеттик медициналык университетинде Пакистандан келген студенттер менен мастер-класс өткөрдү. Мындай биргелешкен иш тыгыз кызматташууга гана алып келбестен, мугалим катары кесипкөйлүктү өркүндөтүү үчүн да жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ.