Новости 09:55 18.09.2024
КЭУ Россиянын алдыңкы Экономика институту менен кош дипломдук окуу программалырын талкуулады
2024-жылдын 13-сентябрында М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин (КЭУ ИИУ) ректору, э.и.д. Алмаз Кадыралиев жана э.и.д, профессор, КЭУнун Евразиялык интеграция боюнча проректору Тамара Жолдошева расмий иш сапары менен Лобачевский атындагы университеттин Экономика институтунда(РФ-Нижний Новгород) болушту.
Институттун жетекчилиги менен жолугушууда бакалавриат жана магистратура деңгээлинде биргелешкен билим берүү программаларын ишке киргизүү маселеси талкууланды.
Пландаштырылган программалар студенттерге бир окуу мөөнөтүнүн ичинде КЭУнун жана Лобачевский университетинин эки дипломун алууга мүмкүндүк берет. Бул кызматташтык илимий жана билим берүү байланыштарын жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
latest_news
Кыргыз тили сабагында студенттер арасында актуалдуу дебат өттү...
17:30 13.03.2026
Кыргыз коомунун өнүгүшүндөгү даанышман Ишеналы Арабаевдин ролу...
16:00 13.03.2026
Кыргыз коомунун өнүгүүсүндөгү даанышмандардын ролу
16:55 12.03.2026
«БРЕЙНШТОРМ III»: акыл жана идея таймашы
14:30 12.03.2026