
Новости 09:30 10.04.2024
КЭУда киберспорттук турнирдин жеңүүчүлөрү сыйланды
М. Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУда 2024-жылдын 3-апрелинде окуу жайдын Киберспорт борбору тарабынан уюштурулган киберспорттук турнир аяктады. Бул шаардык мектептердин 11-классынын окуучулары үчүн кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында уюштурулду.
Жыйынтыктоо аземинде ректор Алмаз Кадыралиев турнирдин жеңүүчүлөрүн куттуктап, белектерди тапшырды. Ал киберспортто ийгилик стратегияларды колдоно билүүсүнөн көз каранды экенин баса белгилеп, бул көндүмдөр аларга виртуалдык дүйнөдө гана эмес, реалдуу жашоодо да жардам берерине ишенерин билдирди.
Ректор ошондой эле КЭУда киберкоопсуздук боюнча жаңы окуу багытын ишке киргизүү планы менен бөлүштү, бул студенттер үчүн маалыматтык коопсуздук тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Турнирге кыркка жакын студент катышып, он миңден ашуун көрүүчү мелдешке түз эфир аркылуу көз салып турду.
КЭУ социалдык тармакта.
latest_news

Гостевую лекция д-ра Андреа Басси
14:30 16.09.2025

Вакансии для студентов НИУ КЭУ им. М. Рыскулбекова ...
11:30 16.09.2025

Старт нового учебного года: в университете отметили День знаний...
17:55 15.09.2025