banner

“Коррупцияны өстүрүп жаткандарды кечирүүгө болбойт”

Новости 14:45 31.01.2024

“Коррупцияны өстүрүп жаткандарды кечирүүгө болбойт”

“Коррупцияны өстүрүп жаткандарды кечирүүгө болбойт”. Мындай  пикирин э.и.д., Бейшенбек Ишенов, Эсептөө палатасы айрым министрликтерде каржылык тартип бузууларды ачыктаганы боюнча “Регион”телеканалынын жасаган репортажында билдирди.

“Кийинки үч жылда республикалык бюджеттин өсүп жатканы көптөгөн социалдык,экономикалык,инвестициялык көйгөйлөрдү чечүүгө салымын кошуп жатканын элибиздин көпчүлүк катмары түшүнүп,колдоп жатканы талашсыз.

Ушундай учурда кээ бир мамлекеттик министрликтер(транспорт, саламаттык сактоо, жаратылышты пайдалануу) коррупцияны тизгиндеп,азайткандын ордуна, калыптандырып жатканы, бери болду дегенде эле мамлекеттин саясатына каршы чыкканга тете.

Кыргыз өкмөтү (А.Жапаров)бюжеттти жаңы технологиялык ыкмаларды пайдаланып өстүрүп жатса, ошол өкмөткө баш ийген министирликтер коррупцияны өстүрүп,элдин акчасын жеп  жатканын кечирүүгө болбойт.

Мындай жагдай укук коргоо(УКМК, ИИМ, Прокуратура ж.б.)мекемелеринин алдына катту милдеттерди коет". деп айтылат билдирүүдө.

Видеого шилтеме үчүн басыңыз.