banner

КЭУнун студенттери Францияда стажировкадан өтүшөт

Новости 09:45 29.01.2024

КЭУнун студенттери Францияда стажировкадан өтүшөт

КЭУнун бүтүрүүчүсү, учурда Франциядагы Мишлен жылдыздуу “Asten” ресторанынын түптөөчүсү Тина Калыбекованы 24-январь күнү ректор Алмаз Кадыралиев кабыл алып, орток пландар талкууланды. Ресторан бизнеси, коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы багытында билим алган студенттер үчүн квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү, ишке ашыруу кадамдары каралды.

КЭУнун Карьераны өнүктүрүү жана маркетинг департаменти буга чейин Asten ресторанында стажировкага талапкерлерди тандоо боюнча сынак өткөргөн. Сынактын көптөгөн катышуучуларынын ичинен КЭУнун эки студенти тандалды, алар ресторан бизнеси боюнча мыкты билимин жана жөндөмүн көрсөтүштү.

Ресторатор Калыбекова  КЭУда жана Экономика жана сервис колледжинде ушул багытта билим алып жаткан студенттер менен иш маегин өткөрдү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кошумча дагы эки студент тандалып алынды, алар эми Франциядагы кадыр-барктуу, Мишлен жылдыздуу ресторанда стажировкадан өтүшөт.

Маектешүүдөн тандалып өткөн студенттер Тинанын тажрыйбасына суктанып, анын жетекчилиги астында француз ашканасына жана гастрономия дүйнөсүнө чөмүлүүнү чыдамсыздык менен күтүшүүдө.

Бул келишим негизинде, үстүбүздөгү окуу жылы жалпы төрт студент Франциядан практика өтүп келмей болду.

Ошондой эле, жолугушуу аягында Тинага КЭУнун бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын ардактуу бүтүрүүчү төш белгиси тапшырылды.

Белгилесек, Франциянын алдыңкы гастрономиялык мекемелеринде практика өтүү, аталган тармактан жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча КЭУнун дуалдык билим берүү максатын бекемдейт.