banner

КР Билим берүү жана илим министрлиги:2023-жылдын жыйынтыгы

Новости 16:25 13.12.2023

КР Билим берүү жана илим министрлиги:2023-жылдын жыйынтыгы

Бүгүн, 13-декабрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук маалымат жыйыны болуп өттү. Ал  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Улуттук китепканасында өткөрүлдү.
 
Маалымат жыйынга: Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басарлары жана министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары жана жогорку окуу жайлардын профессор-окутуучулары катышты.
 
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева азыркы заманбап билим берүүнүн жана тарбиялоонун өзөктүү багыттары жана андагы ийгиликтер менен көйгөйлөрү туурасында кеңири маалымат берди. Ошондой эле, билим берүү тармагындагы келечектеги олуттуу милдеттерди ишке ашыруунун зарылдыктарын белгиледи.
 
Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин басма сөз кызматы билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз кызматташып, билим берүү тармагында бирдиктүү иш алып барууга кошкон жигердүү салымы үчүн Ыраазычылык кат менен сыйланды.
 
Сүрөттөргө шилтеме.