Новости 16:10 10.03.2026
Кыргыз коомунун өнүгүүсүндө даанышмандардын ролу талкууланды
М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Илимий изилдөө Университетинин Мамлекеттик жана расмий чет тилдер кафедрасында ага окутуучу Ч.Бектурова «Кыргыз коомунун өнүгүүсүндөгү даанышмандардын ролу» темасында тайпалык талкуу сабагын өткөрдү.
Сабактын жүрүшүндө студенттер үч топко бөлүнүп, Бурул Сарыгулованын «Уңгу сөз» чыгармасынын негизинде талкуу жүргүзүштү. Алар даанышмандык түшүнүгүн дүйнөлүк деңгээлде карап чыгып, кыргыз элинин белгилүү даанышман инсандарын атап, алардын коомдогу ордуна баа беришти.
Иш-чарага кафедранын окутуучулары катышып, өз ойлорун бөлүшүштү. Сабак мазмундуу жана кызыктуу өтүп, студенттердин ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.
latest_news
Кыргыз тили сабагында студенттер арасында актуалдуу дебат өттү...
17:30 13.03.2026
Кыргыз коомунун өнүгүшүндөгү даанышман Ишеналы Арабаевдин ролу...
16:00 13.03.2026
Кыргыз коомунун өнүгүүсүндөгү даанышмандардын ролу
16:55 12.03.2026
«БРЕЙНШТОРМ III»: акыл жана идея таймашы
14:30 12.03.2026