Новости 11:05 05.03.2026
Ректордун 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу
Урматтуу кесиптештер жана студенттер! Сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Аялзаты – үй-бүлөнүн куту, коомдун тиреги, мамлекеттин келечегин тарбиялаган күч. Сиздердин акылмандыгыңыздар, мээримдүүлүгүңүздөр жана талыкпаган эмгегиңиздер билим берүү тармагында өзгөчө мааниге ээ. Университетибиздин өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөлүк ынтымак жана кесиптик ийгиликтерди каалайм. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, жүрөгүңүздөр сүйүүгө жана кубанычка толуп турсун!
Майрамыңыздар менен!
Урматым менен,
(М. Рыскулбеков атындагы КЭУ) ИИУнун ректору Гулназ Тынаевна Супаева
latest_news
Ректордун 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу...
11:05 05.03.2026
Новые горизонты КЭУ!
17:20 02.03.2026