Мамлекеттик тил майрамы

  Кыргыз тили - сулуулуктун булагы

                                         Кыргызымдын көз мончогу, тумары.

                                         Бабалардан коломтосун өчүрбөй,

                            Бир жакадан баш чыгарып туралы.

         Ар жыл сайын 23-сентябрда  мамлекеттик тил майрамы орто жана жогорку окуу жайларында гана  майрамдалат. Мамлекеттик тил статусун алганыбызга 27 жылдын жүзү болду. Тилекке каршы, тилибиздин арышы алыска арбый албай келе жатканы эч кимге жашыруун эмес. Кандай болгон күндө да 23-сентябрда билим берүү мекемелеринде иш чараларды өткөрүү менен чектелип гана келе жаткандай сезим калтырат.

         Ошондой иш чаралардын бири М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде да өткөрүлдү. Чоӊ майрамдын шаанисикичи спорт аянтчабызды көрктөндүрүп студенттердин жасап келген дубал гезиттеринен тартып, түркүн түстөгү желим шарлар менен кооздолуп, комуздун коштоосунда Аалы Туткучевдин аткаруусунда Тууганбай Абдиевдин «Энетил»  ырын жаӊыртуу менен башталды.

         Адабий кечебизди кафедранын башчысы Н.С.Ашырова жана университетибиздин профессору, эне тилдин күйөрманы К.А.Алымбеков сөз сүйлөп, мамлекеттик тилдин маани, манызына токтолушту.

Биздин университетибиз түрдүү таланттарга бай. Комузчусу, акыны, ырчысы, көркөм окуу өнөрүнүн чеберлери, тал чыбыктай ийилген сулуу бийчилери – булардын баары бирс ахнада өзөнөрлөрүн окутуучуларга,  студенттерге тартуулап жатышты.

         Бакыт уулу Бекназардын аткаруусундагы «Ак тамак, көктамак» күүсүнөтө жогорку чеберчилик менен кол ойнотуп бергенде, кол чаап кубанбаган студенттеркалбады. Мына кыргыз жигити деп ушуну айт, Бекназар М.Абдраеватындагы атайын музыкалык мектепти аяктап келгендигине байланыштуу бир гана комуз эмес фортепьяно жана гитара да  черте алат. «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат»,- деген макал Бекназарга тийиштүү деп айтаалабыз.

         Калбаев Мурат «Кыргызстаным» аттуу ыры менен чыкканда отурган көрүүчүлөр кол чабуу менен аягына чейин эргип угушту. Бардыгынын жүзүндө Мекенге болгон сүйүү, эргүү болгону сезилип турду.Тал чыбыктай ийилген ар улуттун кыздарынан топтолгон «Лирикалык бий» жана «Улуу көчтү» соз ула бийлешкенде, отургандар шатыра шатман кол чабуу менен узатышты.

        Тыналиева Сюзанна «Энетил» аттуу авторду кырында Кыргыз тили көмүскөдө калып өсүп, өнө албай жатканына күйгөн.

         Кыргыз тилим кылымдарды карытып келген. Ата-бабаларыбыз урпактан урпакка сактап келген тилибизди келечек муунга өткөрүп берүү биздин парзыбыз. Кыргыз экономикалык университетте да келечек муундар болгон жаштарыбызга жогорку деӊгээлдеги билим берүүгө, аларды мекенчил кылып тарбиялоого бардык күч аракеттери бизди жумшап келебиз. Анткени келечек жаштардын колунда деп бекеринен айтылбайт. Биз окутуп жаткан студенттерден келечекте министрлер, президент, депутаттар чыгышы толук чыгышы мүмкүн. Ар бир жогорку билимдүү инсан, мамлекеттик тилин, эне тилин билүүсү абзел.

         Өркүндөй бер эне тилим демекчибиз!